Милиция “Ош” аэропортундагы коно албай жаткан учак боюнча маалымат берди

 Милиция “Ош” аэропортундагы коно албай жаткан учак боюнча маалымат берди

Сүрөт интернеттен алынды

Ош облустук милициясы “Ош” аэропортундагы коно албай жаткан учак боюнча маалымат берип, эч ким жабыркабаганын билдирди. 

Милициянын маалыматына ылайык, саат 18:50дө Аэрономад компаниясынын Ош-Дели каттамына учуучу учагы техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу 17 жолу асманда айланып учууга мажбур болуп техникалык жактан мүчүлүштүктөр ордуна келбегендиктен кайрадан Ош аэропортуна келип конгон. 200 дөн ашуун жүргүнчү болгон.

Жүргүнчүлөр менен тийиштүү кызматтар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Милиция коомдук тартипке көзөмөл жүргүзүүдө. Тийиштүү адистер техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча ыкчам иштерди жасап жатышат.

Жанылыктар