Милиция кызматкерлери Түркиянын эксперттери менен машыгуу өткөрдү

 Милиция кызматкерлери Түркиянын эксперттери менен машыгуу өткөрдү

Ички иштер министрлигинин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун базасында милиция кызматкерлерине Түркиянын Ички иштер министрлигинин эксперттери тактикалык окуу-машыгууларды өткөрүштү. Машыгуу 31-январдан 10-февралга чейин болду. 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, эки мамлекеттин ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин эки тараптуу макулдашууларынын негизинде массалык башаламандыкты токтотууга, коомдук коопсуздукту, тартипти сактоого багытталган тактикалык иш-чараларды, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын карамагындагы атайын каражаттарды туура жана натыйжалуу колдонууну окуп үйрөтүү боюнча тактикалык окуу-машыгуулар уюштурулду.

Аталган окуу-машыгууга ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунан, ички аскерлеринен, күзөт кызматынан, милициянын кайгуул кызматынан, Бишкек шаарынын ИИББден жана  Академиядан кызматкерлер катышып, атайын машыгуудан ѳтүшүп, жыйынтыгында аларга тастыктамалар тапшырылды.

Мындай макулдашуунун негизинде ѳткѳрүлүп жаткан машыгуулар ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алдына коюлган тапшырманы өз убагында туура, так,  кынтыксыз аткаруусунда кѳмѳк болуп, ишмердүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Андан сырткары, Түркиянын Ички иштер министрлигинин эксперттеринин тактикалык-даярдык тажрыйба алмашуу сабактары ИИМдин Республикалык окуу борбордун баштапкы даярдоо курсунда билим алып жаткан талапкерлерге дагы уюштурулуп, практика жүзүндө кенен маалымат алышты.

Жанылыктар