Милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

 Милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, кылмыш шектүү ушул жылдын 1-октябрында камакка алынат деп коркутуу жолу менен чет элдик жарандан 150 000 сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Кылмышка шектүүгө карата “Опузалап пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жанылыктар