Милиция Кадамжайда мектеп окуучусу өзүн өзү асып, каза болгонун билдирди

 Милиция Кадамжайда мектеп окуучусу өзүн өзү асып, каза болгонун билдирди

Кадамжай районунун Марказ айылында мектеп окуучусу өзүн өзү асып, каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Марказ айылынын 16 жаштагы тургуну 2022-жылдын 2-май күнү саат 17.40 чамасында өзүнүн жашаган үйүнүн короосунда өзүн өзү асып каза болгондугу боюнча Кадамжай РИИБне маалымат келип түшөт.

Аталган жерге Кадамжай РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып төмөнкүлөрдү аныктайт. Ушул эле аймактагы орто мектептин 11-классынын окуучусу А.Б. үйүндө жалгыз калып, өзүнүн мал сарайына кирип, өзүнү өзү асып каза болуп калган.

Бул факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталды.

Каза болгон мектеп окуучусу А.Бнын атасы Ош шаарында дарыланып жаткан, ал эми апасы Россия Федерациясында миграцияда экендиги маалым болду.

Жанылыктар