Мигранттар үчүн  жаңы эрежелер түйшүк жаратты. Кыргызстандын элчилиги Орусияга нота жиберди  

 Мигранттар үчүн  жаңы эрежелер түйшүк жаратты. Кыргызстандын элчилиги Орусияга нота жиберди  

Кечээ, 17-февралда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, жаңы миграциялык эрежелер алкагында текшерүүдөн өтүүдө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мындай коридорлорду медициналык текшерүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон өткөрүүчү мекемелерде, анын ичинде “Сахарово” миграциялык борборунда ачууга көмөктөшүү өтүнүчү айтылды.

Тилекке каршы, жыл башынан бери жогоруда белгиленген процедуралардан өтүү кыйынчылык жаратууда. Москва шаары жана облусуна келген Кыргызстан жарандары үчүн бардык процедуралар көп функционалдуу миграция борборлорунда өткөрүлүп жатат. Ал жерде узун кезек байкалууда“, — деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл.

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги текшерүүдөн Москвада 17 мекемеден өтсө болорун эскертүүдө. Ошондой эле, үч ай деген мөөнөт каттоодон үч айда бир жолу өтүп туруу дегендик эмес, бул ички иштер органдарына тапшырыла турган документтин жарактуу мөөнөтү экени белгиленди.

Жанылыктар