Месси “Мыкты оюнчу” наамы боюнча Дүйнө чемпиондугунда рекорд жаратты

 Месси “Мыкты оюнчу” наамы боюнча Дүйнө чемпиондугунда рекорд жаратты

Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси дүйнө чемпионатында сегизинчи “мыкты оюнчу” наамын алып, рекорд жаратты. Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Аргентина Австралия менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңген. Месси алгачкы бөлуктө гол жараткан. Оюндун жүрүшүндө беттештин мыкты оюнчусу деп табылды. Ошентип, Месси бул сыйлыктын саны боюнча рекорд койду. Дүйнө чемпиондугунун тарыхында эч ким сегиз MVP статуэткасын алган эмес.

Эске салсак, аргентиналык футболчунун учурдагы дүйнө чемпионатынын төрт беттешинде үч гол жана бир пас берген. Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында Аргентина курама командасы Голландия менен беттешет.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар