ОшТВ телерадиокомпаниясы

Мэр Мамбетов реабилитациялоо борборунун жана мектеп интернатынын балдарынан кабар алды

 Мэр Мамбетов реабилитациялоо борборунун жана мектеп интернатынын балдарынан кабар алды

Бүгүн 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоо күнүнө карата Ош шаарында бир катар иш-чаралар өттү. Мэр Алмаз Мамбетов мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборуна жана көзү азиз, көрүүсү начар балдардын мектеп интернатына барды. Калаа башчы балдардын чакан концерттик программасына күбө болуп, коомдун аярлуу балдарына мэрия тараптан дайым көңүл бурулуп тураарын айтты.

Мэр реабилитациялоо борборунун жана мектеп интернатынын абалы менен да таанышты.  Мындагы балдарга көмөк иретинде бөлүнгөн 10 миң сом акчалай жардам жана балдар үчүн азык-түлүк баштыктарын тапшырды.

Ош шаары боюнча жалпы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 7133. Анын 983ү 18 жашка чейинки балдар.

Бүгүнкү күнгө карата жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын 20 миңи ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, өтө оор шартта жашаган 4 жаранга берилди. Дагы 100 жаранга 1000 сомдон тапшырылды. Аны менен катар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көргөн 3 мекемеге 10 миң сомдон бөлүнгөн.

Жанылыктар