Мектеп директорлорун тандоонун үчүнчү туру өтөт

 Мектеп директорлорун тандоонун үчүнчү туру өтөт

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорун тандоонун үчүнчү айлампасын жарыялады.

Министрликтен билдиришкендей, сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди ушул жылдын 27-октябрынан 14-ноябрга чейин тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтүшү керек.

Жалал-Абад – konkurs3.ja.2022@gmail.com

Ысык-Көл облусу – konkurs3.ik.2022@gmail.com 

Нарын- konkurs3.naryn.2022@gmail.com

Ош облусу- konkurs3.osh.2022@gmail.com

Талас облусу – konkurs3.talas.2022@gmail.com

Чүй- konkurs3.chui.2022@gmail.com

Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.

Облустар боюнча ваканттык орундардын саны:

Ысык-Көл облусу – 17;
Нарын облусу – 10;
Чүй облусу – 59;
Талас облусу – 14;
Жалал-Абад облусу – 105;
Ош облусу – 101.

Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда конкурстун үчүнчү айлампасын өткөрүү жакынкы күндөрү белгилүү болот.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар