“Мегакомдун” мурдагы директору Акылбек Жамангулов кармалды

“Мегаком” компаниясынын мурдагы директору Акылбек Жамангулов кармалды. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратурадан тастыктады.
Массалык маалымат каражаттары Акылбек Жамангулов бүгүн, 12-мартта Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакырылып, андан соң камакка алынганын жазышууда.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Жамангулов ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө. Ал азыр көзөмөл органынын тергөө бөлүмүндө.