MegaCom “5G” сыноо зонасын ишке киргизди

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 5G сыноо зонасын ишке киргизди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барганда маалым болду.
Акылбек Жапаров 5G технологиясынын иштөө модели, виртуалдык реалдуулук системасы, 5G Industrial тармагынын базасында иштеген өнөр жай роботунун иштеши менен таанышты.
«Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө, байланыш операторлоруна аталган тармактарды жайылтууга көмөк көрсөтүүгө кызыкдарбыз. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта олуттуу иштерди жүргүзүүсү зарыл», — деди ал.
5G технологиялары маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт. Ошону менен бирге мамлекеттик кызматтарды жана бүтүндөй экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптик чечимдерди жакшыртууга таасирин тийгизет.