Мбаппе бир оюнда беш гол жараткан ПСЖнын тарыхындагы биринчи оюнчу

 Мбаппе бир оюнда беш гол жараткан ПСЖнын тарыхындагы биринчи оюнчу

ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе Франция Кубогунун 1/16 финалында Пэйс де Кассельге каршы беттеште (7:0) беш гол киргизип, пента-трик жасады.

24 жаштагы франциялык футболчу париждик клубдун тарыхында команда үчүн расмий беттеште беш гол киргизген биринчи оюнчу болуп калды. Бул ошондой эле Мбаппенин карьерасындагы биринчи пента-трик. Беш голдон тышкары чабуулчу бир пас берди. Ал биринчи жолу бир оюнда алты гол киргизүү аракетин жасады.

ПСЖ оюндун жыйынтыгы менен плей-оффко өттү. Франция кубогунун 1/8 финалында ПСЖ менен Марсель беттешет.

Буга чейин Агуеро, Левандовский, Роналду, Месси, Луис Адриано, Фалькао жана башка оюнчулар бир оюнда беш гол жараткан. Ал эми Чемпиондор лигасында эки гана оюнчу пента трик жасаган. Месси 2012-жылы Байердин дарбазасына жана Луис Адриано 2014-дылы БАТЭ менен болгон оюнда.

Исхак Туратбек уулу

https://oshtv.kg/

Жанылыктар