Матрезервден алынган кумшекер 65 сомдон, өсүмдүк майы 124,5 сомдон деп бекитилди

 Матрезервден алынган кумшекер 65 сомдон, өсүмдүк майы 124,5 сомдон деп бекитилди

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан алынган кумшекер менен суу майдын баасы бекитилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Монополияга каршы күрөшүү кызматы калктын социалдык жактан аялуу катмарын коргоо үчүн кумшекердин килограммы 65 сом, өсүмдүк майынын 1 литри 124 сом 5 тыйын деп бекитти”,- деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Министрлер кабинети Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна ички рынокту толтуруу максатында товардык интервенцияны ишке ашырууга буйрук берген.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкөнүн соода түйүндөрүнө 1 млн килограмм кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы жеткирип жатканын кабарлаган.

Жанылыктар