Масадыков Кабулда “Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукту

 Масадыков Кабулда “Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукту

Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Кабулда Ооганстанды башкарып жаткан бийликтин жетекчилиги менен жолукту. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 7-ноябрда кабарлады.

Масадыков иш сапардын жүрүшүндө “Талибан” өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Шер Мохаммад Аббас Станикзай менен өз өзүнчө жолугушту.

Маалыматка караганда, жолугушууларда регионалдык коопсуздук жана эки тараптуу соода-экономикалык, маданий байланыштарды өнүктүрүү жана транспорттук жолдор менен ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси талкууланды.

Масадыков 2021-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турганда Ооганстанга барып, талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп келген. Быйыл апрелде ал президенттин өзгөчө тапшырмалары боюнча атайын өкүлү болуп бекиген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар