Мас-рестлинг боюнча курама команда 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге жеңди

 Мас-рестлинг боюнча курама команда 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге жеңди
Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2-күнүндө мас-рестлинг боюнча курама команда 6 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Анын үчөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло медаль. 70 кг салмакта Азамат Асанов, 110 кг салмакта Келдибек Атайбек уулу жана кыздар арасында 75 кг салмак даражада Дилбара Иманканова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору болушту. Ошондой эле, 75 кг жогорку салмактагылар арасында Назия Майлибашева күмүш медалдын, ал эми Бакдөөлөт Абылов, Улукбек Ырыспаев коло байгенин ээлери болушту.
Белгилей кетсек, бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын капчыгындагы алгачкы алтын медалдар

Жанылыктар