Мас абалында унаа айдагандардын жазасы катаалдады

Патрулдук милиция жаңы мыйзам бузуулар жөнүндө кодексте мас абалында унаа айдагандарга жаза күчөтүлгөнүн билдирди.
Алкоголдук ичимдиктерди, баңги каражаттарын, психотроптук жана башка мас кылуучу заттарды мас абалында айдоо – 175 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө (17500 сом) айып салууга же отуз сааттан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартууга жазаланат.
Айдоочулардын мас абалын күбөлөндүрүүдөн (экспертизадан) өтүүдөн баш тарткандары да 17 миң 500 сом айыпка жыгылат. Ошондой эле, мас абалындагы адамга унааны айдаткандарга да – 15 миң сом айып пул салынат.
Эгерде мас абалындагы айдоочу жол кырсыгына кабылса, ага 20 миң сом айып салынат же үч суткага камакка алынат.