Марс Исаев: Оштогу мыйзамсыз делген “Изюм” конок үйүнө тиешем жок

 Марс Исаев: Оштогу мыйзамсыз делген “Изюм” конок үйүнө тиешем жок

Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаев мыйзамсыз курулган делген “Изюм” конок үйүнө тиешеси жоктугун Ош ТВга билдирди. 

“Ал мага караштуу эмес. Анын өзүнүн кожоюну бар. Мага эч кандай тиешеси жок. Ижарага алып иштеткениме эки жыл болду башка бирөөгө бергенмин. Ошол өзү иштетип жатат. Менин ал жака такыр тиешем жок”, – деди Марс Исаев.

Ош шаардык прокуратурасы “Изюм” конок үйүн мыйзамсыз курулганын аныктады. Бул факты боюнча “Изюм” конок үйүнүн ээси Н.Т. жана мурдагы Мамэкотехинспекциясынын жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Буга чейин Ош шаардык прокуратурасынан аталган конок үй жети жылдан бери ижара акы төлөбөй келгенин билдирген.

Жанылыктар