“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси пара менен кармалды

 “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси пара менен кармалды

“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, 17-мартта УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай эл Республикасынын жаранынан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 100 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жанылыктар