Манас” аэропортунун директору алмашты

Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин отурумунда мекеменин башкы директору Бакыт Шаршеевди кызматтан алуу жана анын ордуна Манас Самидиновду дайындоо чечими кабыл алынды. Жаңы жетекчи Манас Самидинов жөнүндө интернетте дээрлик маалымат жок. Ачык булактарда ал “Компания Манас Менеджмент” ишканасынын директору экени жазылган.2020-жылдагы Октябрдагы окуялардан кийин Бактыбек Сыдыков депутаттык мандатын тапшырып, “Манас” аэропортуна директор болуп дайындалган. 2021-жылы 9-февралда бул кызматка Бакыт Шаршеев барган.Ишкананын жетекчисинин алмашуусу кыргыз өкмөтү “Манас” жана “Ош” аэропортторун сырткы башкарууга берүүгө аракет кылып жаткан учурга туш келди. Эки аба майданды түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында билдирген. Парламенттин айрым депутаттары стратегиялык объектилер жең ичинен белгисиз компанияга 39 жылга сырткы башкарууга берилип жатат деп сындап чыгышкан.