Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

 Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды

УКМК мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалганын билдирди.

“Амир, Хизб-ут-Тахрир экстремисттик уюмунун активдүү ишмери, экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн М.М. аттуу чет элдик жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды”,-деп айтылат маалыматта.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, аталган чет элдик жаран, Европа өлкөлөрүндө (Украина, Чехия, Швеция жана Польша) жашаган “Хизб-ут-Тахрир” маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен байланыш түзүп, «Хизб-ут-Тахрир» ЭТУнун жактоочуларын дистанттык түрдө жалдоо жана окутуу менен активдүү алектенип, Фергана өрөөнүндөгү экстремисттик ишмердүүлүгүн координациялап, Кыргызстандын аймагында коңшу мамлекеттин укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн

Кармалган жаран тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын Кыргызстандын аймагында башка кылмыштарга катыштыгы текшерилгенден кийин, белгиленген тартипте өлкөсүнө экстрадицияланат.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар