Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлерине иш козголду

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлерине иш козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, шаардык билим берүү башкармалыгында мамлекетке 1 млн 905 миң 987 сомдук ири өлчөмдө зыян келтиргендиги аныкталды.
“Текшерүүдө аталган башкармалыктын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкармалыкта жана эч бир мектепте иштебеген тааныштарынын наамына ачылган банктык карталарына жалпы 1 млн 905 миң 987 сом акча каражатын эмгек акы үчүн деп мыйзамсыз которушуп, өздөрүнүн пайдасына жок кылышкандыгы тастыкталды”,-деп айтылат билдирүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.