Мамлекет башчысынын саламаттыгы жакшы

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканадан пландык профилактикалык кароодон өттү.Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.“Мамлекет башчысынын саламаттыгы жакшы”, – деди Султанбаев.Бүгүн айрым маалымат каражаттары Садыр Жапаров атайын ооруканада болгонун жазып чыгышкан.