Мамкызматкерлердин айлыгын жогорулатууга 7 миллиард сом жумшалат

 Мамкызматкерлердин айлыгын жогорулатууга 7 миллиард сом жумшалат

Ушул жылдын 1-августунан тарта бюджеттик сектордогу мамлекеттик жана муниципалдык 58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысы жогорулатылды. Ал үчүн 7 миллиард сомго жакын каражат каралган.

Мамлекет тармагындагы кызматкерлерине төмөнкү категориялары кирет:

— мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер;

— мамлекеттик мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер;

— кенже техникалык тейлөө персоналы;

— күч түзүмүнүн жарандык жана эмгек келишими боюнча иштеген, кызматта турбаган жана наамы жок кызматчылар.

Эскерте кетсек, 1-апрелден тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин жана маданият кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлдү.

Жанылыктар