Малдын саны аз болсо, салык алынбайт. Депутат түшүндүрмө берди

 Малдын саны аз болсо, салык алынбайт. Депутат түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев 3-ноябрдагы жыйында мал ээлерин салык төлөөгө милдеттендирүүнү сунуштаган. Бул маселе коомчулукта талкууга алынып, эл өкүлү айткан сунушуна бүгүн кайра түшүндүрмө берди.

Депутаттын айтымында, салык төлөөнү мал-жандыгы көп адамдарга милдеттендирүү керек. Ал эми малдын саны аз болсо, салык алынбайт.

“Республикабыздын аймагында 1 000 – 2 000 кой, 100дөгөн жылкы жана уйлары бар бай адамдар көп. Мен салыкты аталган мал-жандыгы көп, бай адамдарга киргизүүнү сунуштагам 1 000 – 2 000 миң койу бар бай адамдар 1 тыйын салык төлөшпөйт. Жайытта байлардын малынын көптүгүнөн улам мурункудай жапжашыл болуп, бийик өсүп турган чөп азыр жок. Жайыттар такыр болуп, жылдан- жылга чөптүн түрү дагы азайып жатат. Карапайым , мал-жандыгы аз адамдарга бул бул салык жайылтылбайт. Алар мурдагыдай эле жайыт акысын төлөй беришет”,-деди Токторбаев.

Депутат  бул сунуш колдоо тапса, мал-жандыктардын салыгынан айыл өкмөттүн бюджетине көбүрөөк каражат түшүп, аймактын өнүгүүсүнө жумшалмак экенин белгиледи.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар