Майыптыгы бар жарандарга жеке жардамчы кызматы киргизилди

 Майыптыгы бар жарандарга жеке жардамчы кызматы киргизилди

Быйыл 1-июндан тартып 18 жаштан жогорку 1- топтогу майыптыгы бар жарандарга жеке жардамчы кызматы киргизилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында  жардамчылардын айлыгы быйылтан тартып 6300 сомго чейин көбөйдү, мурда 4900 сом болчу. Андай жардамчылардын саны жалпы өлкө боюнча 8493 адам. Казынадан каралган каражаттын суммасы 305, 7 млн. сом.Республика боюнча 202 300 майып адамдар бар, алардын отуз беш миңи балдар.50 адамга эсептелген министрликтин майыптарды реабилитациялоо борбору иштеп жатат. Борбор жылына 1-2-3-топтогу 650 майыпты тейлейт. Ал жерден майыптар медициналык, медикотехникалык жана психологиялык реабилитациядан өтүп, эмгекке, маданий турмушка аралашууга багыт алышат.

Жанылыктар