Майлуу-Сууда калктын 89 пайызы жылуулук менен камсыз болду

 Майлуу-Сууда калктын 89 пайызы жылуулук менен камсыз болду

Майлуу-Суунун тургундарынын 89 пайызына жылуулук берилди. Шаардагы №1, №3, №4 от казандарда жумуш жүргүзүлүп,  жергиликтүү эл жылуулук менен камсыздалууда. Ал эми калган  авариялык абалдагы жылуулук берүүчү түтүктөрдө ширетүү иштери жүрүүдө.

ӨКМден билдиргендей, бүгүн, ичүүчү  таза суу берилген түтүктүн   негизги бөлүгүнүн 15 чакырымында эритүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада калктын 30 пайызы  таза суу менен камсыздалды.

26-январдан тарта ичүүчү таза суунун калган абоненттерге бере турчу   тоңуп калган түтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн 10го  жакын жумушчу топ иш алып барат

Жанылыктар