Мадумаровду деле ынтымак столго чакырып койбойсузбу? Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

 Мадумаровду деле ынтымак столго чакырып койбойсузбу? Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, мурдагы журт башчылары менен болгон жолугушуусу тууралуу маалымат берди.

Анын ичинде «Адахан Мадумаровду деле ынтымак столго чакырып койбойсузбу?»деген суроого төмөндөгүдөй жооп айтты:

“Ой аны деле чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү”, — дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу”,-деди Жапаров.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар