Маданият министрлигинин түзүмүндөгү 12 миңден ашуун кызматкер аттестациядан өтөт. Графиги

 Маданият министрлигинин түзүмүндөгү 12 миңден ашуун кызматкер аттестациядан өтөт. Графиги

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтин түзүмүндөгү билим берүү, театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана, маданият уйлөрүнүн кызматкерлерин аттестациялоодон өтөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аттестациялоо министрликтин 2022-жылдын 21-октябрындагы №581 буйругу менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.

Аттестациядан өтүү боюнча тийиштүү кызматкерлерге алдын ала маалымдама берилген. Учурда тиешелүү иш аракеттер жүрүп жатат.

Төмөндөгү график театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана жана маданият үйүнүн кызматкерлерине тиешелүү:

Бишкек шаары жана Чүй облусу — 14нөн 31-декабрга чейин;

Ысык-Көл облусу — 2023-жылдын 10нан 20-январга чейин;

Нарын облусу — 2023-жылдын 17нен 31-январга чейин;

Талас облусу — 2023-жылдын 24-январынан 10-февралга чейин;

Баткен облусу — 2023-жылдын 7нен 25 февралга чейин;

Ош облусу — 2023-жылдын 14-февралынан 3-мартка чейин;

Жалал-Абад облусу — 2023-жылдын 28-февралынан 17-мартка чейин.

Ал эми билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлер төмөнкү график боюнча аттестация тапшырат:

Ысык-Көл жана Нарын облустары — 2022-жылыдн 14нөн 23-декабрга чейин;

Талас облусу — 2023-жылдын 10нан 13-январга чейин;

Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары — 2023-жылдын 16-январынан 7-февралга чейин;

Бишкек шаары, Чүй облусу — 2023-жылдын 27-февралынан 10-мартка чейин.

Жанылыктар