Мүлк фонду 40га жакын мамлекеттик ишканаларды бириктирүүнү пландап жатат

Он ачык акционердик коом жана төрт ЖЧК менчиктештирилет. Бул тууралуу “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.
Анын айтымында, оптималдаштыруунун алкагында 40 мамлекеттик ишкананы бириктирүү пландалууда.
«Айыл чарба министрлигинин карамагында 24 ишкана бар. Статусу бар, бирок каржылоо өтө төмөн. Биз аларды үч жол менен бириктиребиз. 10 ишкана мамлекеттик субсидияга муктаж. Бул туура эмес, мамлекеттик ишканалар өзүн өзү камсыз кылышы керек», — деди ал.
Төрт ачык акционердик коомду Улуттук энергохолдингге өткөрүү пландалууда. Он ААК жана сегиз ЖЧК жоюлат.