Лионель Месси жетинчи жолу “Алтын топту” алды

 Лионель Месси жетинчи жолу “Алтын топту” алды

Франциянын ПСЖ жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси Европанын жылдын эң мыкты футболчусу катары жетинчи жолу «Алтын топко» ээ болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Париждеги Шателе театрында өттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча экинчи орунду мюнхендик “Бавариянын” чабуулчусу поляк Роберт Левандовски ээледи. Үчүнчүнү Лондондун “Челси” клубунун жана Италия курама командасынын жарым коргоочусу Жоржиньо, төртүнчүнү “Реалдын” жана Франция курама командасынын чабуулчусу Карим Бензема ээлесе, бешинчи болуп Лондондун “Челсинин” жана Франция курама командасынын жарым коргоочусу Н’Голо Канте татыды.
Беш жолку “Алтын топтун” ээси португалиялык Криштиану Роналду алтынчы орунду ээледи.
Лионель Месси өткөн сезондо испаниялык “Барселонанын” курамында 47 оюнда 38 гол киргизген. Июль айында футболчу Аргентина курама командасы менен бирге Америка Кубогун жеңип алган. Бул анын улуттук курама менен болгон экинчи кубогу, 2008-жылы Олимпиада оюндарынын чемпиону болгон. Жайында 34 жаштагы Месси каталондук клубдан кетип, ПСЖга өткөн.
Лионель Месси буга чейин бул сыйлыкты 2009, 2010, 2011, 2012, 2015, 2019-жылдары жеңип алган. 2020-жылы “Алтын топ” ыйгарылган эмес.
«Алтын топту» France Football 1956-жылы Европанын жылдын эң мыкты футболчусуна (спорт журналисттер тобунун пикирлеринин негизинде) сыйлыгы катары негиздеген. 2010-жылы ФИФА менен France Football “Алтын топ” жана ФИФА жылдын мыкты оюнчусу сыйлыктарын бириктиргенин жарыялашкан.

Жанылыктар