Лионель Месси Сирияга жана Түркияга жардам катары 3,5 миллион евро жөнөттү

 Лионель Месси Сирияга жана Түркияга жардам катары 3,5 миллион евро жөнөттү

LUSAIL CITY, QATAR – DECEMBER 09: Lionel Messi of Argentina during the FIFA World Cup Qatar 2022 quarter final match between Netherlands and Argentina at Lusail Stadium on December 09, 2022 in Lusail City, Qatar. (Photo by Catherine Ivill/Getty Images)

Футбол жылдызы Лионель Месси катуу жер титирөөдөн кийин Түркия менен Сирияга жардам катары 3,5 миллион евро жиберди. Бул тууралуу Tengri Sport басылмасы жазды.

«Лионел Месси Түркия менен Сирияга жардам берүү үчүн 3,5 миллион евро жөнөттү», – деп билдирет түрк маалымат булагы. Каражатты Месси өз фондунан которгон.

6-февралда Түркияда күчү 7,8 жана 7,7 баллга жеткен эки жер титирөө болуп, алар Сириянын бир катар аймактарында да жабыркаган. Күндүзгү жер титирөөлөр Ливан, Ирак, Египет, Греция, Кипр жана Израилде да сезилди. Бул Түркияда 1939-жылдан берки эң чоң жер титирөө болду. Өлкөдө 12-февралга чейин аза күтүү жарыяланды.

Исхак Туратбек уулу

https://oshtv.kg/

Жанылыктар