Ленин райондук сотунун судьясы дипломду мыйзамсыз алган деп шек саналууда

Бишкектеги Ленин райондук сотунун судьясы (Т.М.) жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алган деп шек саналып жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
УКМКнын маалыматында бул факты 4-июлда аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголду.
УКМК ал 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз тапшырганын кабарлады.
Судья өзү жана Жогорку сот азырынча комментарий бере элек.
Атайын кызмат ушул тапта мамлекеттик кызматкерлердин, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын дипломдору менен жарандыгын текшерип жатат.