Ленин чокусунда альпинисттер сууктан каза болду

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Ленин чокусунда эки альпинист сууктан каза болгонун билдирди.
Анда айтылгандай, 28-августта милицияга Ленин чокусунун деңиз деңгээлинен 6 миң 100 метр бийиктикте Россиянын 38 жаштагы В.Г. жана Ысык-Көлдүн 41 жаштагы Ш.В. аттуу жарандары каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, алар сууктан каза болгон. Учурда ыкчам тергөө тобу сөөктөрдү Ленин чокусунан түшүрүү иштерин жүргүзүп жатат.