Лейлектин жарандарынын 80 пайызы үйлөрүнөн өз алдынча чыгып кетишти

 Лейлектин жарандарынын 80 пайызы үйлөрүнөн өз алдынча чыгып кетишти

Баткен шаарында жарандарды убактылуу жайгаштыруу пункттары ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо иштери  жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга барууда. Саат 10:30га карата Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын тургундарынын 70-80 пайызы үйлөрүнөн өз алдынча чыгып кетишкен.

Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды.

Белгилей кетсек, буга чейин Чек ара кызматы тараптардын жолугушуусу үчүн ок атпоо келишими түзүлгөнүн, бирок тажик тарап аны аткарбай жатканын билдирген.

Жанылыктар