Лейлекте кыргыз аскери тажик чек арачылары тарабынан токмоктолду

 Лейлекте кыргыз аскери тажик чек арачылары тарабынан токмоктолду

Баткенде кыргызстандык чек арачы сабалганын  УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.  Ал Тажикстандын аскер кызматкерлери тарабынан токмоктолгон.

Маалыматта айтылгандай, 19-март күнү Лейлек чек ара отрядынын аскер кызматкери Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сада жерлигинде кызмат өтөө учурунда чек ара тилкесине жакын жерден белгисиз унааны аныктап, аны кармоого аракет кылып, Тажикстандын чек арачылары кызмат өтөгөн жерге өтүп кеткен. Тажик чек арачылары Кыргызстандык чек арачыны кармашкан.

Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда дароо сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.

Аскер кызматкеринин дене түзүлүшүн кароо учурунда анын башы сынып, денесинде сыйрыктары бар болуп жана кийими кан болгон.

Азыркы учурда аскер кызматкеринин ден соолугунун абалы туруктуу деп бааланууда, ал стационардык дарыланууда.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Чек ара кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Жанылыктар