Лейлек:Бала бакча кызматкери алты баланы койдуруп кетти, бир наристенин абалы оор

 Лейлек:Бала бакча кызматкери алты баланы койдуруп кетти, бир наристенин абалы оор

Лейлек районунда бала бакча кызматкери алты баланы койдуруп кетти. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлады.Билдирмеге караганда, окуя 15-июль күнү саат 11:30дар чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында болгон.”Шумкар” бала бакчасынын 43 жаштагы кызматкери (аял киши) Hyundai Getz үлгүсүндөгү автоунаасын бакчанын короосундагы көлөкө жерге коём деп айдап баратып, ойноп жаткан алты бөбөктү сүзүп кеткен. Жыйынтыгында 2 жаштагы беш бала, 5 жаштагы бир бала жабыркап, Кулуңду айылдык ооруканасына жеткирилген”, — деп айтылат маалыматта.Аталган факт Лейлек РИИБдин Бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.”Тергөөнүн жүрүшүндө тийиштүү экспертизалар дайындалып, аялдын айдоочулук күбөлүгү жок экендиги аныкталган. Анын автоунаасы айып төлөөчү короого киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.Жабыркаган бөбөктөрдүн бирөөнүн абалы оор экени кошумчаланды.

Жанылыктар