Лейлек: 36 мектептин директору иштен алынды

 Лейлек:  36 мектептин директору иштен алынды

Лейлек районундагы 5 жылдан ашык иштеген 36 мектептин директору иштен алынып, 37 мектепке сынак жарыяланды.Маалым болгондой, райондогу Келечек мектебинин директору көз жумган.Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.Ага ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат. Тактап айтканда, 5 жыл иштеген мектеп директору кызматынан четтетилет.

Жанылыктар