Кызынын атын Мээрим коёбуз деп кыялданган. Чек арада мерт кеткен Боркошовдун жубайы көз жарды

 Кызынын атын Мээрим коёбуз деп кыялданган. Чек арада мерт кеткен Боркошовдун жубайы көз жарды

Курман болгон чек арачы Нургазы Боркошовдун жубайы көз жарып, кызын жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу маркумдун агасы билдирди.

“Иним кызына Мээрим деген ат да тандап кетиптир. Мээрим Жуманазаровадай балбан кыз болсун деп”, – деди агасы.

Прапорщик Нургазы Боркошов 16-сентябрда Кара-Бак заставасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон.

Боркошов 1987-жылы Баткен шаарында туулган. Анын артында эки уул, эки кызы менен жубайы калды.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 59 жаран көз жумуп, дагы 185 киши жабыркады.

Жанылыктар