Кызыл-Кыяда контрабандалык жүк менен алты адам кармалды

 Кызыл-Кыяда контрабандалык жүк менен алты адам кармалды

Кадамжай районунда мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган алты адам автоунаасы менен кармалды. Бул туурасында улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Комитеттен биллиришкендей, УКМКнын чек ара кызматынын «Күнгөй» участкасынын кызматкерлери менен биргеликте «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаа жана уюштурууга катышкан алты адам контрабанда менен кармалган.

Унааны текшерүү учурунда 14 кап, кийим-кече түрүндөгү буюмдар жана баасы 1 миллион 248 миң сомго бааланган «Цефазолин-Акос» дары-дармектери аныкталган.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар