Кызыл-Кыяда көмөк чордону толугу менен күйүп кетти. Видео

Бүгүн Кызыл-Кыя шаарындагы Жин-Жиген айылында көмөкчү чордон өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрттү өчүрүүгө бир бөлүи, төрткуткаруучу тартылып, саат 18:40да өрттү чектөөгө алышкан.
“Өрт өчүрүүчү куткаруучулардын ыкчам аракети астында саат 18:59да толугу менен өчүрүлдү. Аталган көмөкчү чордон толугу менен күйүп кеткен”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.