Кызыл-Кыя: Мурдагы аялын сабап, зордуктаган жаран кармалды

 Кызыл-Кыя: Мурдагы аялын сабап, зордуктаган жаран кармалды

Баткен милициясы мурдагы аялын корутуп Кызыл-Кыя шаарына жакын талаага алып барып сабаган жана ашкере мыкаачылык менен зордуктап ошол жерге таштап кеткен жаран камалганын билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 21-июлда болгон, ай талаада калган жабырлануучу Көк-Жар айылына чейин жөө келип милицияга арыз жазган.
Кылмышка шектүү 9-августта Ысык-Көл облусунда кармалып, Баткенге жеткирилген. Учуда бул фактыны тергеп-иликтөө уланууда.

Жанылыктар