Кызматкерлери кыз зордуктаган ресторан Махабат Мавляновага таандык

 Кызматкерлери кыз зордуктаган ресторан Махабат Мавляновага таандык

Бишкектеги “Алтын-Казына” ресторанынын кызматкерлери 17 жаштагы кызды мейманканага алып барып зордуктады делген окуя боюнча ресторандын ээси Жогорку Кенештин мурдагы Махабат Мавлянова үн катты.

Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, шектүүлөрдүн күнөөлөрү далилденсе сөзсүз жазаланышын талап кыларын белгиледи.“Мен үчүн да бул маалымат үрөй учурарлык болду. “Алтын-Казына” ресторанынын администрациясы калкка банкеттик кызмат көрсөтүүнү гана максат кылып, ашпозчуларды, официанттарды жана башка кызматкерлерди жумуш менен камсыз кылып, айлыктарын төлөп келет. Бирок эртең тигил же бул кызматкер, тигил же бул адам кандай кадамга барарын эч ким алдын ала көрө албайт. Адамда келечектеги кылмышкерди же тартип бузуучуну алдын ала таануу өтө кыйын. Ар бир бизнес ээси ушундай кырдаалга туш болушу мүмкүн, анын кызматкери ким болуп чыгышы мүмкүн экенине эч ким кепилдик бере албайт. Мен жабырлануучунун ата-энесинин сезимдерин түшүнөм, бирок мен аларды менин аброюма жана мекемелердин аброюна шек келтирүүдөн алыс болууга чакырам. Биз да сиздерге окшоп акыйкат иликтөөнү жана сөзсүз жазаланышын талап кылабыз”, – деп жазды Мавлянова.

Буга чейин Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги “Алтын Казына” ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылган.Аламүдүн РИИБи тыкыр изилдөө жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдарга мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирген.

Жанылыктар