Кыялбек Акматов билим берүү министринин кеңешчиси болду

 Кыялбек Акматов билим берүү министринин кеңешчиси болду

Кыялбек Акматов билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Акматов билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, 6-марттан тарта кызматына киришти.

Кыялбек Акматов педагогика илимдеринин доктору жана педагогика боюнча эмгектердин автору.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар