Кытайдын президенти Кыргызстанга келет

 Кытайдын президенти Кыргызстанга келет

Кытайдын президенти Си Цзиньпин Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу кыргыз жана кытай мамлекет башчыларынын жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда эки өкөнүн президенттери кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышынын талкуулашты.

Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги диалогдун жолго коюлушу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилелеринин бардык спектрин активдештирүү үчүн дем берүүчү таасирин тийгизгенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров КЭР Төрагасы Си Цзиньпинди Кыргызстанга  келип кетүүгө чакырды.

«Бул сапар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ынак коңшулаштыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө, эки тараптуу мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүүгө чоң салым болоруна ишенем», — деди ал.

Өз кезегинде КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаров менен  ушул жылдын февралында болгон жолугушуу жемиштүү болгонун, бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар макулдашуулар жетишилгенин белгиледи.

Си Цзиньпин Кытайдын лидери эки тараптуу кызматташуунун алкагында эки мамлекеттин алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди атады. Тагыраагы, товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча орто жана узак мөөнөттүү милдеттер. Си Цзиньпин кытай тараптын Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Сөзүнүн соңунда Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанга сапар менен келүү боюнча чакыруусун кабыл алды. Сапардын датасы дипломатиялык каналдар аркылуу такталат.

 

Жанылыктар