Кытайдагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 93кө жетти

Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында болгон жер титирөөдөн 93 адам каза болуп, 25 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Борбордук телеканалы билдирди.
11-сентябрдагы берилген маалымат боюнча Ганци префектурасында каза тапкандардын саны 55ке, Яань шаарында 38ке жеткени айтылган.
Буга чейин жер титирөөнүн очогуна жакын жердеги турак-жайлар жана жолдор жараксыз абалга келгени кабарланган.
Кытайдын Сычуань провинциясында 5-августта күчү 6,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Чэнду шаарынан 226 чакырым алыстыктагы түштүк-батыш тарапта жайгашкан Лудинг округунда болгону кабарланган.