Кытайдагы заводдо чыккан өрттөн кеминде 36 адам каза болду

 Кытайдагы заводдо чыккан өрттөн кеминде 36 адам каза болду

Кытайдын Хэнань провинциясындагы заводдон чыккан өрттөн кеминде 36 адам каза болду. Бул тууралуу CGTN телеканалына шилтеме менен Известия сайты жазды.

Кырсык Аньян шаарында орун алган.

Акыркы маалыматтар боюнча, 36 адам каза таап, эки адам жаракат алган. Дагы эки адам дайынсыз болууда.

Маалым болгондой, өрт төрт саатка жакын убакытта чектөөгө алынган. Куткаруу иш-чараларына 240 адам катышып, 63 техника тартылган. Учурда дайынсыз жоголгондорду издөө иштери уюштурулууда.

Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар