Телерадиокомпания

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

 Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам катары 1 150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майын берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Келген жардам 5-октябрдан 25-октябрга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна өткөрүлүп берилди. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Кытайдан келген жардам материалдык резервдер корунда сакталып турат.
Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү азайды. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, буудайдын түшүмү 45,5%, арпаныкы 55,2% кыскарды.
Өлкөдө июль айында бир килограмм буудайдын баасы 29,15 сомду түздү. Муну менен буудайдын баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3% кымбаттады.

Жанылыктар