Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридору аркылуу алгачкы поезд жөнөп кетти

 Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридору аркылуу алгачкы поезд жөнөп кетти

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридору боюнча Кашкар-Ош-Анжиян-Галаба-Хайратон темир жол маршруту менен алгачкы эксперименталдык поезд жөнөп кетти. Бул тууралуу “Өзбекстан темир жолдору” компаниясы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ош темир жол станциясында расмий түрдө 40 футтук 12 контейнерден турган поезд даярдалган. Товарларды кытай тарап Кашкар шаарында даярдап, Ошко чейин автоунаалар менен жеткирилген.

Азык-түлүк, тиричилик техникасы жана чарба товарларынан турган жүк Ооганстандын Мазари-Шариф станциясына жеткирилет. Поезд бул станцияга эки күндө жетиши керек.

Бул коридор боюнча өз аймагы аркылуу жүк алып өтүү үчүн Өзбекстан 70%, башка өлкөлөр 50% арзандатуу кылышты. Кашкар-Ош-Анжиян-Галаба-Хайратон темир жол маршруту менен Ооганстанга 4 миңден ашык контейнер жүк жеткирүү пландалууда.

14-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Самаркандда өткөн саммитинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлган.

Жанылыктар