Кытай Өзбекстан менен товар жүгүртүү көлөмүн жылына $10 миллиардга жеткирүүнү пландоодо

 Кытай Өзбекстан менен товар жүгүртүү көлөмүн жылына $10 миллиардга жеткирүүнү пландоодо

Кытай Өзбекстан менен товар жүгүртүү көлөмүн жылына 10 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Кытайдын лидери Си Цзиньпин эки өлкө ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө арналган макаласында жазган.

Өзбекстандагы басылмаларга жарыяланган макалада Си Цзиньпин эки өлкөнүн товар жүгүртүү көлөмү 2021-жылы 8 миллиард доллардан ашса, быйыл жылдын биринчи жармында бул көрсөткүч 5 миллиард долларды түзгөнүн белгилеген.

Мындан тышкары макалада Өзбекстан менен Кытай бир катар долбоорлордун, анын ичинде “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында тыгыз кызматташып жатканы да жазылган.

Буга чейин кабарлангандай, Кытайдын лидери Си Цзиньпин 14-16-сентябрь күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барып, Самаркандда өтө турган ШКУ саммитине катышат.

Жанылыктар