Кыргызстанга жаңы өрт өчүрүүчү унаалар келди

 Кыргызстанга жаңы өрт өчүрүүчү унаалар келди

Кыргызстанга Россиядан жардам иретинде 40 даана өрт өчүрүүчү жаңы унаалар келди.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жаңы техникаларды кабыл алуу аземи бүгүн, 1-мартта Бишкектеги Эски аянтта өтөт.

Гранттык негизде өлкөгө алып келинген техникалар боюнча Кыргызстан менен Россиянын президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путиндин буга чейин өткөн эки тараптуу жолугушуусунда макулдашылган”, – деп айтылат маалыматта.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар