Кыргызстанга киргендердин ПЦР тесттинин мөөнөтү 48 саатка кыскарат

Чет мамлекеттерден Кыргызстанга кирген жарандардын ПЦР тесттен өтүү убактысын 72 сааттан 48 саатка чейин кыскарат. Бул маселени кароо Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылды.
Мындай чечим коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды.
Ошондой эле, жакынкы арада Кыргызстанга келген бардык жактардын маалыматын электрондук түрдө каттоо киргизилет.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов COVID-19 вирусунун жаңы штаммынын өлкөгө киришинин жана жайылышын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырды.
Анын айтымында, Министрлер кабинети чек аралардын жабылышына каршы, бирок алдын алуу чараларын күчөтүү керек.